«1001 KILEM» соода маркасы өз ишмердүүлүгүн 2010-жылы баштаган. Ошол күндөн тартып сапаттуу килемдердин көп түрдүүлүгү менен кардарларын кубантып келе жатат.

Биз сунуштаган килемдердин көптүгү биздин дүкөндүн мыкты, интерьерге жарашыктуу жана сапаттуу килем издеп жүргөндөр үчүн эң жакшы чечим экендигинен кабар берет.

Килемдердин классикалык, заманбап, акрил, узун жиптүү, полипропиленден (Heat-Set), булгаарыдан жасалган түрлөрү бар. Ал гана эмес, балдарга арналган килемдерди, дорожкаларды жана дубалдан дубалга чейин толук жеткен чоң килем жабдууларын таба аласыз.

Сиздер үчүн үй жасалгасынын акыркы тенденцияларына жооп берген бренддерди сунуштайбыз. Андыктан сапат менен стилдин айкалышын, түстөрдүн эң актуалдуу түрлөрүн жана формаларды биздин дүкөндөн табасыз.

Биздин дасыккан адистерибиз көлөмүнө, сүрөтүнө, өңү-түсүнө жараша арзан баадагы килемдерди тандооңузга көмөк көрсөтөт.

Биздин максатыбыз – кардарларыбыздын заманга жараша суроо-талаптарын канааттандыруу!